Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар 84 миңден ашты

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 431 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 84 068ге жетти. Акыркы бир суткада 97 адамдан вирус табылды.

26-январга карата илдеттен Бишкек шаарында бир адам каза болуп, жалпы өлүм учурлары 1402ни түзүүдө.

Ушул күндөрү ооруканаларда 643 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 27 адам өтө оор абалда, 219 бейтап оор абалда, 395и орто оордукта, 2 адамдын абалы канааттандыраарлык.

Ал эми үй шартындагы дарыланууда 907 бейтап бар.

Акыркы бир сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок, эки кызматкер айыкты. COVID-19 вирусу 4168 медикке жугуп, анын 4077си сакайды.

26-январга карата коронавирустан 157 бейтап айыкты. Бул оорудан сакайгандардын жалпы саны 80 миң 182ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM