Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин пандемияны Экинчи дүйнөлүк согуш менен салыштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 1059 | 0

«Учурда адамзат Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң оор экономикалык кризиске кептелди». Мындай пикирин Кытайдын лидери Си Цзиньпин дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди.

Анын айтымында, учурда дүйнөдөгү макроэкномикалык саясатты туура жөнгө сала билүү эң маанилүү кадам болуп саналат. Кытай лидеринин айтымында, дүйнөдөгү өлкөлөр экономиканы колдоп-кубаттоо үчүн триллиондогон доллар сарптаганы менен, жыйынтык жакшы эмес. Мындан улам экономикалык абал туруксуз бойдон калууда.

Си Цзиньпиндин айтымында, анын өлкөсү башка өлкөлөргө коронавируска каршы күрөшүүдө активдүү жардам берүүнү улантууда. «Кытай азыркы тапта 150дөн ашуун мамлекетке жана 13 эл аралык уюмга жардам берди. Муктаж өлкөлөргө медициналык эксперттердин 36 тобун жиберди. Вакцина боюнча да кызматташтыкты күчөтүп, активдүү иштеп жатабыз», — деп кошумчалаган Си Цзиньпин.

Кытай Тышкы иштер министри коронавирустун келип чыгышы жөнүндө айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM