Биз менен байланышыңыз

Кытай Тышкы иштер министри коронавирустун келип чыгышы жөнүндө айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 4491 | 0

Изилдөөлөр коронавирус пандемиясын дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде өзүнчө жайылганын көрсөттү. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И — «Синьхуа» агенттигине берген маегинде билдирген.

«Кытай — коронавирус келип чыкканда эле эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оору козгогучун аныктап, негизги маалыматтарды жарыялоо чараларын көрдү», — деди министр.

Тышкы иштер министри ошондой эле Кытай коронавирустук учурлар жөнүндө биринчи болуп кабарлаган өлкө болгонун эске салды.

«Биз дезинформация, саясатташтыруу жана каралоого каршы аракеттердин башында турдук. Пандемияга каршы күрөшүүнүн баяндалышы  калп менен бурмаланбасын деп чечтик», — деди ал.

2019-жылы 31-декабрда Кытай бийлиги ДССУга Хубей провинциясынын Ухань шаарында белгисиз пневмония чыккандыгы жөнүндө билдирген. Оорунун козгогучу COVID-19 деп аталган вирустун жаңы түрү болгон. 11-мартта ДССУ коронавирустук инфекциядан улам пандемия жарыялаган.

ДССУ билдиргендей, жалпысынан дүйнөдө бул илдетке дээрлик 82 миллион адам чалдыккан. Инфекция жуктургандардын көпчүлүгү — Америка, Индия жана Бразилия өлкөлөрүнүн жарандары.

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө жалпы 84 миллион оору катталган.

Copyright © 2017 Maral FM