Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Орто-Сай базарында атайылап өрт чыгарууга шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 502 | 0

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына 2020-жылдын 9-ноябрында Орто-Сай базарынын аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда дүкөн, тез татым жана тигүүчү цех жайгашкан эки кабаттуу имараттын ичинен өрт чыкканы аныкталган.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 210-беренеси («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана талкалоо») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн соттук-өрттүк-техникалык экспертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Октябрь райондук милициясы тарабынан окуяга шектүү катары 41 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM