Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча камакка алынды

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 1249 | 0

УКМКнын мурдагы төрагасы, 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев 2016-жылы болгон «Белизгейт» окуясы боюнча кармалды. Бул боюнча Аскер проркуратурасынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура ушул жылдын 14-январында экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Мында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага жана Өмүрбек Текебаевге карата «Белизгейт» окуясы уюштурулуп, мыйзамсыз каралоо, атайылап жалаа жабуу иштери болгон деген жүйө келтирилген. Буга байланыштуу Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз аракеттерге барган деген шек менен суракка чакыртылган.

Сотко чейинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган иштер УКМКнын мурдагы төрагасынын түз көрсөтмөсү менен жасалган деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык Абдил Сегизбаев Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Абдил Сегизбаевге жер мыйзамдарын бузуу боюнча суракка чакыртылганын маалымдаган.

Абдил Сегизбаев 7 сааттан бери сурак берип жатат

Copyright © 2017 Maral FM