Биз менен байланышыңыз

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Манас айылына жетекчи болот

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 986 | 0

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектин четиндеги Манас айылына жетекчи болот. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров билдирди.

Тайчабаров манасчы Дөөлөт Сыдыковго Манас айылы этнокомплексине жетекчилик кылуу сунушун киргизген. Манасчы бул сунушка макул болгон.

Маалыматка ылайык, Манас айылы президенттин иш башкармалыгынын балансында турат. Бирок «Бишкек» эркин экономикалык аймагына ыкчам башкаруу үчүн берилген. Тайчабаровдун айтымында,  жакын арада Манас айылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өтүшү мүмкүн.

Дөөлөт Сыдыков: Атам, эже, байкелерим да «Манас» айткан

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM