Биз менен байланышыңыз

Мектептеги курулуш 5 жылдан бери бүтпөй, бюджетке 6 млн сом зыян келтирген

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 642 | 0

Ош облусунун Алай райондук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттын сарпталышына текшерүү жүргүздү. Анын натыйжасында, мамлекетке 6 млн сом зыян келтирилгени аныкталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2015-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектептин спорт залын жана ашканасын куруу боюнча тендер өткөрүлгөн.

Курулуш ишин 24 млн 202 миң 850 сомго аткарууну сунуштаган «С.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, келишим түзүлгөн.

Текшерүүдө аныкталгандай, келишимдин шарттарында акча каражатын алдын ала төлөө жагы көрсөтүлгөн эмес. Буга карабастан, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жогорудагы компаниянын дарегине акча толук которулган. Бирок мектептин спорт залын жана ашканасын куруу иштери 5 жылдан бери бүткөн эмес.

Мунун натыйжасында республикалык бюджетке 6 млн 382 миң 225 сом зыян келтирилген.

Бул факты Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM