Кыргызстанда акыркы 5 жыл ичинде 231 миң 111 нике катталып, 49 миң 272 түгөй ажырашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Баш кошкондор тууралуу статистика:
-2016-жылы 48 миң 936 түгөй баш кошкон;
-2017-жылы 43 миң 325 үй-бүлө курулган;
-2018-жылы 49 миң 511 түгөй катталган;
-2019-жылы 49 миң 395 нике каттоо болгон;
-2020-жылы 39 миң 944 түгөй үйлөңүү тууралуу арыз берген.
Ал эми ажырашуу тууралуу маалыматтар:
-2016-жылы 9 миң 98 түгөй;
-2017-жылы 9 594 түгөй;
-2018-жылы 10 миң 435;
-2019-жылы 10 995;
-2020-жылы 9 миң 150 түгөй ажырашкан.
Эң көп үйлөнүү 2018-жылы катталган, ал эми эң көп ажырашуу 2019-жылы болгон.