Биз менен байланышыңыз

Португалия: 72 жаштагы Ди Соуза кайрадан президент болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 565 | 0

Учурдагы президент, 72 жаштагы Марсело Ребелу ди Соуза 24-январда Португалияда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, 61,6 пайыз добуш алды.

Ал эми президенттикке талапкер болгон адвокат Ана Гомес 12,24%, «Етар!» партиясынын лидери Андре Вентура 11,9% добуш алган.

Эске салсак,  Ди Соуза 2016-жылы Португалиянын президенти болуп шайланган.

Португалиянын Башмыйзамына ылайык, өлкө президентинин кызматтык мөөнөтү 5 жылды түзүп, эки жолудан ашык шайлана албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM