Учурдагы президент, 72 жаштагы Марсело Ребелу ди Соуза 24-январда Португалияда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, 61,6 пайыз добуш алды.
Ал эми президенттикке талапкер болгон адвокат Ана Гомес 12,24%, «Етар!» партиясынын лидери Андре Вентура 11,9% добуш алган.
Эске салсак, Ди Соуза 2016-жылы Португалиянын президенти болуп шайланган.
Португалиянын Башмыйзамына ылайык, өлкө президентинин кызматтык мөөнөтү 5 жылды түзүп, эки жолудан ашык шайлана албайт.