Биз менен байланышыңыз

Израиль менен БАЭ өз ара элчиликтерин ачышты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 405 | 0

Бириккен Араб Эмираттарынын жана Израилдин өкмөттөрү көптөгөн жылдардан бери болуп келе жаткан чыр-чатактан кийин өз ара элчиликтерди ачууну чечишти.

Израилдин элчилиги Абу-Дабиде 24-январда ачылды. Өз кезегинде, БАЭ Израилдин борбору Тель-Авивде элчиликтин ачылышына уруксат берди.

2020-жылы 15-сентябрда БАЭ менен Бахрейн Израиль менен мамилени жакшыртуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул өлкөлөр Араб дүйнөсүндө Египет жана Иорданиядан кийин Израиль менен дипломатиялык мамиле түзгөн 3-жана 4-өлкө болуп калышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, Израиль менен БАЭ ортосунда 2020-жылдын августуна чейин созулган ондогон жылдарга созулган жаңжалга карабастан, эки өлкө ортосунда  кызматташтык болуп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM