Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 24-январда кар жаашы күтүлөт

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 1367 | 0

24-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;

 

Таласта: түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;

 

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында: ​түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

 

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

 

Нарын облусунда: түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…12;

 

Бийик тоолуу аймактарда: түнкүсүн -24…-29, күндүз -9…-14 градус болот.

 

Бишкекте кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -2…-4 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM