Connect with us

Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 891 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү жүрүшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

25-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчүшү мүмкүн.

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында
  • Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы),
  • Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM