Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда чектөө чаралары күчөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 923 | 0

Улуу Британиянын премьер-минстри Борис Жонсон буга чейин аныкталган коронавирустун мутацияланган түрүнө кабылгандардын 30%дан ашыгы өлүмгө дуушар болорун, 70%га чейин инфекциялык мүнөзгө ээ экендигин айткан. Андыктан, Британияда катаал карантин режиминен эрте чыгуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Анткени коронавирус инфекциясынын деңгээли дагы деле жогору. Чоң шаарлардагы ооруканалар бейтаптардын агымын көтөрө албайт.

Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок коронавирустун жаңы версиясы — VUI-202012/01 жөнүндө жарыялаган. Ал адамдан адамга SARS-CoV-2 түрүнөн 50-70 % тез жугушу мүмкүн.

Илимпоздор белгилегендей, коронавирустун мутацияланган жаңы түрү балдарга көбүрөөк таасирин тийгизет жана алар вирусту активдүү ташуучу болот. Британиялык дарыгерлердин айтымында, учурда вирустун бул түрү калк арасында «негизги агымга» айланды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, коронавирустун «британиялык» түрү буга чейин 60 мамлекетте табылган. Көптөгөн шаарлар Британия менен транспорттук байланышын токтоткон. Орусия Улуу Британия менен каттамдардын токтотуу режимин 1-февралга чейин узартты.

Англияда январь айынын башынан тартып, катары менен үчүнчү жолку катаал карантин режими киргизилген. Жугуштуу инфекциялардын өсүшү акырындык менен төмөндөп жатат. Анткен менен Өкмөт өлкөдө карантин март айынын аягына чейин узартылышы мүмкүн экенин маалымдап, чектөө чараларын дагы да күчөттү.

Copyright © 2017 Maral FM