Биз менен байланышыңыз

Индиянын премьер-министри Садыр Жапаровду куттуктады

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 803 | 0

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Индиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

«Урматтуу мырза, сиздин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктоо, жакшы каалоолорду билдирүү мага зор кубаныч тартуулайт. Индия-Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүгү жалпы демократиялык баалуулуктарга, тарыхый жана маданий байланыштарга таянат. Сиз менен кызматташтык аркылуу эки тараптуу мамиле мындан ары да тереңдеп, кеңейе турганына үмүттөнөм», — деп айтылат куттуктоодо.

Мындан тышкары Нарендра Моди Садыр Жапаровго жана кыргыз элине каалоо-тилектерин жолдоп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM