Биз менен байланышыңыз

«Инсульт — күтүүсүз пайда болгон оору»

Кыска кабар , Мединфо | 22 Янв 2021 | 3230 | 0

Инсультка чалдыккандардын 80%ы жумуш ордуна кайта албайт, 20%ы гана ишин улантып кетет. Бул тууралуу невролог Максат Баатыров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан инсульт илдетинен каза табуу боюнча дүйнөдө эң жогорку көрсөткүчтө. Жыл ичинде илдетке 15 миң адам чалдыгат. Анын 45%ы өлүмгө дуушар болот.

Акыркы убакта инсульт оорусу жаш балдарда да кездеше баштады. 30-40 жашында инсультка кабылгандар да көбөйдү. Илдет жашарды.

Инсульттун негизги себептери: кан басымдын көтөрүлүшү, кант диабети, стресс, туура эмес тамактануу (өтө майлуу, туздуу тамактар). Дартка чалдыкпоо үчүн жогоруда аталган жагдайларга маани берип, байма-бай дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруу кажет.

«Адам дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, чуркап турушу керек. Инсульт оорусу капысынан пайда болот. Алгач бейтаптын оозу кыйшайып, сүйлөө речи бузулат. Мындан сырткары бир жак капталда шал пайда болот же чымырап ооруйт. Бейтап эс-учун жоготот», — дейт дарыгер.

Ал кошумчалагандай, неврологиялык ооруларга инсульт, талма, омуртка грыжасы, остеохондроз жана башка илдеттер кирет.

«Талма оорусуна чалдыккандардын 70%ы айыгат»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM