Биз менен байланышыңыз

«Талма оорусуна чалдыккандардын 70%ы айыгат»

Дүйнөлүк изилдөөлөргө ылайык, талма оорусуна чалдыккандардын 70%ы айыгат. Бул тууралуу невролог Максат Баатыров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта талма илдетине кабылгандар айыкпайт деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок андай эмес. Бейтап дарыгердин кеңешин так аткарып, керектүү дарыларды өз убагында ичсе, оорудан сакаюуга мүмкүнчүлүк бар.

«Талманын тубаса жана туунду түрлөрү болот. Илдеттин түрүн адис аныктайт. Неврологиялык оорулардан остеохондроз илдети кыймылсыздыктын айынан келип чыгат. Бир типтүү жумушта иштегендер (офис, тигүү цехи ж.б) көп кайрылат. Кыймылсыздыктан улам кан айлануу начарлайт. Андыктан илдетти алдын алуу үчүн бирдей абалда иштегендер күнүнө 2-3 маал физикалык көнүгүүлөрдү жасап турушу керек. Остеохондрозду дарылоого болот», — дейт Баатыров.

Арыстанбекова: Элеттеги балдарга чет жакта окуу үчүн онлайн кеңештерди берип келебиз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM