Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан «Pfizer» вакцинасынан 100 миң даана алат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 699 | 0

«Өзбекстандын бийлиги «BioNTech» компаниясы чыгарган «Pfizer» вакцинасынан 100 миң даана алмай болду. Бул COVAX механизминин алкагында ишке ашат», — деп билдирген өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Баходыр Юсупалиев.

COVAX — ДСУнун GAVI, CEPI уюмдары менен биргеликте иштеп чыккан эл аралык механизм болуп саналат. Анын максаты 2 млрд дозадагы вакцинаны экономикасы алсыз же жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө да жеткирүү болуп саналат.

Өзбекстан министринин айтымында, учурда вакцинаны алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Альянс Өзбекстанга вакциналарды сактоо үчүн 17 муздаткыч жана аларды аймактарга жеткирүү үчүн 206 минивэн да кошо берет.

Ошондой эле Юсупалиевдин айтымында, Өзбекстанда -70 градус муздактыкты кармаган муздаткычтар бар. Эми вакциналарды сактоо боюнча медиктерди окутуу иштери баштала турганын кошумчалаган.

Мындан сырткары Өзбекстан Орусиянын «Спутник-V» вакцинасын да алууну пландап жатат. Аны Орусияга эмгектенүүгө жөнөгөн мигранттар үчүн колдонмокчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM