Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун инаугурациясына бюджеттен 15 млн сом каралган

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 1424 | 0

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өткөрүү боюнча долбоордо бюджеттен 15 млн сомго жакын акча каралган. Бул тууралуу Президенттин аппарат жетекчиси, инаугурацияны уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, факт түрүндө каралган акчадан аз каражат сарпталат.

«Биринчи долбоордо бюджеттен 15 млн сомго жакын акча каралган. Бирок, факт түрүндө каралган акчадан аз каражат сарпталат. Болжол менен 10 млн сомдун тегерегинде акча каралып жатат», — деди Касмамбетов.

Ошондой эле ал ант берүү аземине чакырылган коноктордун ичинен акимдер, мамлекеттик жетекчилер, чиновниктер аз санды гана түзө турганын, коноктордун дээрлик 70 %ы шайлаган эл болорун кошумчалады.

Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда, саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM