Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Америка менен кызматташууга үмүт артты

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 485 | 0

Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарынын буга чейин бир тараптуу киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салуу боюнча АКШ президентинин чечимин колдойт. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министрлиги таратты.

«Биз бул чечимди АКШнын жаңы администрациясынын эки өлкөнүн элине конструктивдүү жана ачык мамилесинин далили деп эсептейбиз. Ушул жаңы демдин негизинде тараптар буга чейин талкуулагандай, өлкөлөр ортосундагы виза режимин жеңилдетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасашат деп үмүттөнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тарап АКШ менен баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү чараларын күчөтүү, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча көп тараптуу кызматташууну активдештирүү чечимин кубаттайт.

Кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү достук мамилелерди чыңдоого багытталган кадамдарды колдойт.

Американын 46-президенти Жо Байден ант бергенден кийин мурдагы президент Дональд Трамптын бир катар саясий чечимдерин жокко чыгарган. Анын ичинде, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери бар.

Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарап кыргыз-америка мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга жана АКШнын жаңы администрациясы менен биргелешип иштешүүгө даяр экендигин билдирди.

Жо Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM