Биз менен байланышыңыз

Жо Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 2767 | 1

Американын жаңы шайланган президенти Жо Байден буга чейинки Кыргызстанга виза чектөөсүн киргизген жарлыкты алып салды. Маалыматты Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду.

«Биз Кыргыз Өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякатка байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү жогорулатты», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда COVID-19 пандемиясынын шартында виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн kg.usembassy.gov веб-сайтына кайрылуу керек.

«Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

АКШ президенти Жо Байден 20-январда ант берип, кызматына расмий киришти. Инаугурация аземине мурдагы президенттер Жорж Буш, Билл Клинтон жана Барак Обама катышты.

Жо Байден ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин эле, мурдагы президент Доналд Трамптын бир катар саясий чечимдерин жокко чыгарды. Анын ичинде, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM