Биз менен байланышыңыз

Ички туризмге көрсөтүлгөн колдоолор ич жылытпайт

Кыска кабар , Экономика | 21 Янв 2021 | 1163 | 0

Бүтүндөй дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдетинин Кыргызстанга тийгизген пайдасы ички туризм тармагына көңүл бурууга түрткү берди. Бирок ишкерлер учурдагы экономикалык кризис маалында мамлекеттен туризм тармагына колдоо күтүү мүмкүн эместигин айтышууда. Алардын пикиринде, жакынкы жылдарда бул маселе толук чечилбейт.

Туроператорлор мамлекет анча маани бербеген ички туризмдин абалын пандемия ого бетер алсыратканын, ошондуктан сектордун өнүгүүсүнө мамлекет каражат бөлөрүнө ишенүү реалдуулуктан алыс экенин айтып келишет. Кыргызстан туроператорлору ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров ички туризмдин өнүгүүсүнө мамлекет жарнамалык колдоо көрсөтсө, жакшы чечим болмогун билдирет.

«Мамлекет эми каражат бөлө албасы ачык эле көрүнүп турат, бирок жарнамалык колдоо көрсөтүүгө жардам берсе жакшы болмок. Анткени Кыргызстанда укмуштуудай кооз жерлер көп экенин жадагалса өзүбүздүн жарандар да биле бербейт. Биздин туроператорлор менен биринчи жолу Кыргызстанды кыдырган мекендештер көп. Алар биздин жаратылышты көрүп алып, таң калган учурлар көп болот. Ошондуктан жарнамалык саясатка көңүл буруу керек. Анткени популярдуулук ошондон башталат да».

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематованын маалыматында, өткөн жылга карата өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 5 %ы туризм тармагынан, анын ичинен 3,5 %ы ички туризмден түшкөн. Департамент иштеп чыгарган программа ички туризмди колдоону карайт, бирок эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бул багытта убактылуу кыйынчылыктар бар.

«2020-жылга карата өлкө ИДӨсүнүн 5 пайызын туризм тармагы түздү. Анын 3,5 пайызы — ички туризмдин үлүшү. Өткөн жыл жалпы экономика үчүн да абдан оор жыл болду. Бирок биздин департаменттин программасы боюнча ушул жылдан баштап, түзмө-түз аймактар менен иштешели деп турабыз. Бул да болсо ички туризмдин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт».

Пандемияда бизнестин башка тармактарындай эле туризмде да чоң жоготуулар болду. Туризм департаменти дал ушул кырдаалдан чыгуу үчүн жарыялаган антикризистик планы ички туризмди колдой алган жок. Туроператорлор азыр өздөрүнүн ресурсуна таянып, четтен инвестиция издеп жүрөт. Бул тууралуу туризм тармагы боюнча адис, ишкер Асан Сатыбаев айтып берди.

«Кыргызстандагы турбизнестин өкүлдөрү мамлекет жарыялаган антикризистик пландын жардамын анча көргөн жок. Азыр да болуп жаткан туруксуз саясий-экономикалык кырдаал 1-2 жыл ичинде бизди куткара койбойт. Ушунун баарын көрүп туруп, мамлекетке таянуунун кереги жок деп ойлойм. Ушуга байланыштуу азыр ички туризм боюнча долбоордун үстүндө иштеп жаткан ишкерлер бар».

Ошондой эле ишкер өлкөдөгү саясий-экономикалык туруктуулук орун алып, дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал турукташса, Кыргызстанга келген чет элдик саякатчылардын агымы көбөйөрүнө ишенет.

Кыргызстан эл аралык басылмалар жүргүзгөн сурамжылоолордун негизинде бир нече ирет «саякаттоого эң ыңгайлуу өлкө» деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM