Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 23-январда азык-түлүк жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 625 | 0

Бишкекте 23-январда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарманке Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10:00дө башталып, азыктар арзан баада сатылат:

• Эт — 390 сом;

• Жумуртка — 88-92 сом;

• Тоок эти — 180-200 сом;

• Каймак — 220 сом;

• Быштак — 180 сом;

• Айран — 40 сом;

• Өсүмдүк майы — 112-120 сом;

• Картошка — 22-25 сом;

• Пияз — 15 сом;

• Сабиз — 20 сом.

Булардан тышкары жашылча-жемиш, суусундук жана башкалар сатыкка коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM