Биз менен байланышыңыз

Жарандык авиация: Негиздеме боюнча маалымат бар, бирок факт жок

Коом | 18 Янв 2021 | 1071 | 0

Учурда Орусияда «мигранттарга жумуш берилет» деген жарыялар көбөйдү. Мындан улам пандемия учурунда Кыргызстанга кайткан мигранттар кайрадан Орусияга агылууда. Бирок учак каттамы аз болуп, мындан улам билет баасы 80 миң сомго чейин чыккан учурлар бар. Ошол эле маалда «Орусияга кетүүгө «негиздеме» керек» деген шылтоо менен авиакассалар жарандардан кошумча 15-20 миң сомдон алып коюшууда. Буга байланыштуу Жарандык авиация агенттиги түшүндүрмө берди. 

Бишкек-Москва авиакаттамы аптасына бир жолу, жума күндөрү учат. Жарандык авиация агенттиги биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдон каттамдарды көбөйтүү жана билеттердин бааларын жөнгө салуу үчүн Орусия тарап менен сүйлөшүүсүн суранган. Аталган агенттиктин директору Сталбек Шаршеевдин айтымында, каттамдар көбөйсө, билет баасынын арзандашына өбөлгө түзүлмөк.

«Бүгүнкү күндө бизде бир гана үзгүлтүксүз каттам бар жана 80ден ашык каттам чартердик негизде аткарылат. Биздин агенттик: «Орусия тарап менен сүйлөшүп, ошол эле 80 каттамды үзгүлтүксүз негизинде аткаралы» деген сунуш менен биринчи вице-премьер-министрге кайрылганбыз. Эми Орусия тараптан жооп күтүп жатабыз». 

Сөз болуп жаткан агенттиктин аэропортторду сертификациялоо жана каттамдарды жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Карим Усманов Жарандык авиация агенттигинин жүргүнчүлөргө маалымат берүү иштери керектүү деңгээлде жасалып жатканын айтты. Алардын берген маалыматы боюнча, Орусияга азыркы тапта төмөнкү категориядагы жарандардын кирүүсүнө уруксат берилген:

  1. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлери;
  2. Эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын өкүлчүлүктөрү;
  3. Орусиянын аймагында туруктуу жашаган адамдар;
  4. Үй-бүлө мүчөлөрү болгон адамдар (жубайлар, ата-энелер, балдар);
  5. Дарылануу үчүн бара жаткан адамдар. Бул учурда сөзсүз дарылоо убактысын көрсөткөн медициналык мекеменин тастыктамасы талап кылынат. 

Анткен менен Кыргызстанда акыркы 3 айдан бери Орусияга жөнөгөн мигранттар авиабилет менен кошо 15-20 миң сомго «негиздеме» да сатып алууда. «Марал» радиосуна бул боюнча көптөгөн жарандар кайрылган.

Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев аталган «основание» кагазы тууралуу түшүндүрмө берип, мындай иштер боюнча маалыматтар бар, бирок факты жок экенин белгиледи.

«Биздин жарандардын авиакассалардан «негиздеме» кагазын чогуу сатып алып жатышканы боюнча маалымат бар. «Три в одном» (3/1) деген кызмат көрсөтүү бар экен. Бул мыйзамсыз кызмат көрсөтүү болуп саналат. Тактап айтсак, бизде маалымат гана бар, бирок фактылар жок. Жарандык авиация агенттигине келген маалыматты ИИМге бердик, алар азыр жумушун аткарып жатышат». 

Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда «Основание» Кыргызстанда гана текшерилет, Орусияга барганда талап кылынбайт» деген нааразычылыктар байма-бай айтылууда. Учурда бул боюнча тиешелүү органдар тарабынан дагы деле алгылыктуу иштер жасалбай келет.

Copyright © 2017 Maral FM