Биз менен байланышыңыз

2019-жылы мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгымдар толук аткарылган

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 494 | 0

Бүгүн, 18-январда Жогору Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2019-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту экинчи окууда карады.

Финансы министри Кыялбек Мукашевдин маалыматына караганда, 2019-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 148,5 млрд сом болуп, жалпы чыгымдар аткарылды. Ал эми киреше дээрлик 96 % аткарылган.

Анын ичинде салыктык кирешелер 96,6 %, бажы төлөмдөрү 96.8 % план аткарылды, ал эми салыктык эмес түшүүлөр 29 млрд сомду түзгөн. 2019-жылдын чыгымдары, соцфонд, айлык акы, мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгымдар толугу менен жабылган.

Кошумчаласак, 2021-жылга карызды жабуу үчүн 34 млрд сом коюлууда. Анын 20 млрд сому тышкы карызды төлөөгө жумшалмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM