Биз менен байланышыңыз

Жапыкеев: Аида Исмаилованын да жоопкерчилиги каралат

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 452 | 0

Пандемияга даярдык көрүү боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мудагы вице-премьер-министр Аида Исмаилованын да жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев журналисттерге билдирди.

Финполдун маалыматына караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы эки Өкмөт башчы — Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубтабек Боронов, мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, мурдагы Саламаттык сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле мурдагы Финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралат.

Мындан тышкары, пандемия учурунда келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү маселеси өзүнчө өндүрүшкө алынган. Тергөөчү жана ыкчам кызматкерлерден турган топ түзүлүп, аудит жүргүзүлүүдө.

12-январда мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго сурак берип чыккан.

2020-жылдын 15-сентябрында мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM