Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» ишканасы 2020-жыл ичинде 825 миң 528 паспорт даярдап чыгарган.
Ал — жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык, ошондой эле 2017-жылдын үлгүсүндөгү eID-карталар.
Бул жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу паспорт азыраак берилген. Мисалы:
-2017-жылы 901 миң паспорт даярдалган;
-2018-жыл ичинде 916 миң паспорт берилген;
-2019-жылы 950 миңден ашуун паспорт даярдалган;
-2020-жылы 825 миң 528 паспорт чыгарылган.
Биометрикалык паспортторду чыгаруунун башталышы менен 2017-жылдын май айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 950 миңден ашуун eID-карта даярдалган.
Миллионунчу биометрикалык паспорт Кыргызстанда 2019-жылдын 14-январында берилген.
Эки миллионунчу eID-карта 2021-жылдын февраль айында берилиши мүмкүн экени айтылды.