Биз менен байланышыңыз

УКМК Дүйшөн Төрөкуловдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 887 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун камакка алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой, УКМК Ош шаарындагы булгаары заводуна болгон басып алуу жана коррупциялык аракеттер боюнча тергөөгө чейинки иш-чараларды жүргүзүшкөн. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун аталган ишкананы басып алуу боюнча сот органдарынын өкүлдөрү жана жеке тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталып, кылмышка айыпталып жаткандардан так көрсөтмөлөр алынган.

УКМК коррупцияны жоюу жана кылмышка бөгөт коюу иш-чараларын шектүүнүн кызмат абалына карабай жүргүзөрүн эскертет. Ошондой эле кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери андан ары да улантыларын, ал боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жалпы коомчулукка маалымат берилип турарын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM