Биз менен байланышыңыз

Кувейт-Бишкек-Кувейт жаңы аба каттамы ачылат

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 937 | 0

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев жаңы аба каттамдарды ачуу маселелери боюнча «Jazeera Airways» авиакомпаниянын вице-президенти Ратанкумар Ратнакар менен жолугушуп, кирешелерди башкаруу жана тармактык пландаштыруу тууралуу талкуулашты.

Маектешүү учурунда Талантбек Солтобаев министрлик авиакомпаниянын Кувейт-Ош-Кувейт аба каттамын кайра жандандыруу жана Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамы боюнча жаңы туруктуу аба каттамын ачуу демилгесин колдой тургандыгын, бул географияны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. 

Ал эми, «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын вице-президенти Ратанкумар Ратнакар Кувейт-Ош-Кувейт каттамын 2-февралдан тарта кайра жандандыруу, Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамын 4-февралдан тарта  ишке киргизүү пландалып жатканын маалымдады.  Ошондой эле ал авиакомпания бешинчи даражадагы эркиндик укуктарын пайдаланып, Кыргызстан аркылуу Азия өлкөлөрүнө жана башка пункттарга учуу демилгесин көтөргөнүн айтып өттү.  

Copyright © 2017 Maral FM