Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттен саясий күчтөргө биригүү чакырыгы

Саясат | 15 Янв 2021 | 1195 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча талапкер Садыр Жапаров 79,2 % добушка ээ болуп, өлкө башына келери маалым болуп калды. Президенттик кызматка келе турган адамга өлкөнү экономикалык жана саясий кризистен алып чыгуу милдети жүктөлгөн. Мамлекеттик казынадагы тартыштык 30 миллиард сомдон ашып, тышкы карызды төлөө, калктын социалдык абалын оңдоо иштери курч бойдон турат. Мындай кырдаалда саясий күчтөрдү бириктирүү зарыл деген демилгелер көтөрүлдү.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Садыр Жапаровду бардык күчтөрдүн башын бириктирүүгө чакырды. Ал өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүү менен бир максатка бириккенде гана ийгилик болорун айтууда.

«Учурда элдин келечекке болгон ишеними сиз менен байланышта болуп турганын шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү. Алдыда татаал реформалар турат. Менин терең ишенимимде, ар бирибиз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүү менен колдоо көрсөтө алсак гана ийгилик болот. Элибиз «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» дейт эмеспи. Коомдогу бардык күчтөрдүн башын бир максатка бириктирип, бир багытка баштоого дараметиңиз жете турганына, сиздин жетекчилик менен өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн отузунчу жылы чоң бурулуштардын жылы боло турганына ишенем». 

11-январда талапкер Садыр Жапаров Борбордук «Ала-Тоо» аянтында тарапташтарына ыраазычылык билдирип жатып, шайлоодогу атаандаштары менен кызматташарын билдирген. Ал саясий күчтөрдүн, элдин башын бириктирүү ниети бар экенин буга чейин да айткан.

Анын саясий күчтөрдү өзүнө бириктирүү аракети шайлоо алдында эле башталган. Айталы, алгач президенттик шайлоого талапкер катары аттанган Садык Шер-Нияз кийин Жапаров менен жолугуп, аны колдой турганын айтып чыккан. Шайлоонун алдын жыйынтыгы маалым болгондо, айрымдары гана шайлоо таза өтпөгөнүн айтканы менен, көпчүлүгү аны тааный турганын маалымдашты.

Саясатчы Сейтек Качкынбайдын пикиринде, ар тараптуу, иш билги топтордун бир пикирге келиши — экономикалык оор абалдан чыгуунун бирден-бир жолу. Мындай учурда өзүн гана ойлоп, өзүм билемдикке салуу туура эмес болуп калат.

«Күчтөрдү бириктирип, чогуу иштешүү — абалдан чыгуунун бирден-бир жолу. Эгер өзүм билемдикке салып, эч ким менен эсептешпей койсо, абал мындан да оорлойт. Жаңы бийлик тарабынан прогрессивдүү күчтөргө чакырык жасоо, формалдуу болбосо да, жолугушууларды өткөрүү азырынча байкала элек».

Сейтек Качкынбай биригүү менен катар шектүү иштерге тиешеси бар адамдардын бийликке келүүсүн чектеп, люстрация жүргүзүү зарыл деген ойдо. Ошондой эле саясий күчтөрдүн биригүүсүнүн артында жашыруун максат болбошу керек.

Саясат талдоочу Эмил Жороев өлкөдө оппозиция да болушу керек деген пикирде. Ал бардык маселелер боюнча бир позицияга келүү, бир багытты кармануу дайыма туура эмес экенин айтып, биригүү деген чакырыктын артында, шайлоо алдында күчөгөн коомдогу ажырымды жок кылуу, алгылыктуу, конструктивдүү диалогго келүү максаты гана көздөлгөнү туура болорун билдирет. Ошондой эле бийлик оппозициянын ролун, миссиясын туура түшүнүшү керек.

«Оппозициянын ролу күчөгөндө гана чечимдер так, пайдалуу, жемиштүү болот. Оппозиция — бийликтин, элдин душманы эмес».

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуш берүүдөн 20 күн өткөндөн кийин чыгарын билдирген. Андан соң президент расмий кызматына киришет.

Copyright © 2017 Maral FM