Биз менен байланышыңыз

Казакстандын Өкмөтү оставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 683 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Казакстан Өкмөтүн таратуу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Казакстандын Башмыйзамына ылайык, парламент мажилисинин жаңы чакырылышы шайлангандан кийин Өкмөттүн курамы отставкага кетүүгө тийиш. Президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон буйрукка ылайык, Мажилис өкмөттүн жаңы курамын шайлаганга чейин, эски курам убактылуу милдет аткарып турат.

Бүгүн саат 16:30да Казакстан Өкмөтүнүн расмий сайты жарыялаган маалыматка ылайык, президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Аскар Мамин премьер-министрлик ордуна кайра дайындалган. Эми ал эки күндүн ичинде Өкмөттүн курамын аныктап, парламентке жана президентке сунуштоого тийиш.

Белгилей кетсек, 10-январда Казакстан парламентинин мажилисине депутаттарды шайлоо өтүп, анда «Нур Отан», «Ак жол», Казакстан элдик партиялары босого упайдан өттү деп табылган. Мажилистин жаңы шайланган VII чакырылышы бүгүн, 15-январда алгачкы пленардык жыйынын өткөрүп, төрагасын жана орун басарларын шайлап, комитеттердин түзүмүн жана курамын бекитишкен.

Казакстан Мажилисинин төрагалыгына Нурлан Нигматуллин шайланды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM