Биз менен байланышыңыз

Казакстан Мажилисинин төрагалыгына Нурлан Нигматуллин шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 515 | 0

Казакстан Парламентинин төмөнкү палатасы — Мажилистин төрагалыгына «Нур-Отан» партиясынын тизмеси менен келген Нурлан Нигматуллин кайрадан шайланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Казакстан Мажилисинин жаңы шайланган VII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 15-январда алгачкы пленардык жыйынын өткөрдү. Күн тартибиндеги башкы маселе төрага жана анын орун басарларын шайлоо, комитеттерди бекитүү болду. Төрагалыкка талапкерлерди шайлоо жабык добуш берүү аркылуу жүргүзүлгөн. Соңунда Нурлан Нигматуллиндин бир добуштан шайланганы жарыяланды.

Нурлан Нигматуллин 1962-жылы туулган. 1985-жылдан бери жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Буга чейин Казакстан Мажилисинин VI чакырылышынын да төрагасы кызматын аркалаган.

Ошондой эле Балаим Кесебаева жана Павел Казанцев төраганын орун басарлыгына шайланышты.

Белгилей кетсек, 10-январда Казакстан Парламентинин Мажилисине депутаттарды шайлоо өтүп, жыйынтыгында катышкан 5 партиянын үчөө: «Нур Отан» партиясы, «Ак жол» партиясы, Казакстан элдик партиясы 7 пайыздык босогодон өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM