Биз менен байланышыңыз

«Элибиз акчасын тойго эмес, балдарынын билимине жумшаса…»

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 1569 | 1

Өзбекстандын Маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков «Daryo.uz» сайтына берген маегинде жаран катары чакан тойлорду гана колдой турганын, себеби беш жыл бою Орусияда иштеп, бирок ошол тапканын бир күндүк тойдо жок кылып койгон учурларга жеке өзү күбө болгонун айтты.

Назарбеков чоң той өзбектер үчүн милдеттенме катары эсептелгенин белгилейт.

«Менин оюмча, адамдар акчаларын карызга алып, азем той өткөрбөй, балдарын окутууга, билим алууга жана башкаларга жумшаса, алар үчүн жана биздин коом үчүн пайдалуу болмок», — деди ал.

Пандемияга байланыштуу Өзбекстанда өткөн жылдын март айында киргизилген карантиндик чаралар адегенде үйлөнүү үлпөт тойлоруна тыюу салып, андан кийин тойлорго жана башка салтанаттарга катышуучулардын санын 30 адамга чейин чектеген. Бул жол-жобо ар дайым жана бардык жерде колдонулуп келген деп айтууга мүмкүн болбосо да, ушул чектөөдөн кийин Өзбекстанда үйлөнүү үлпөттөрү мурункуга караганда азайып калгандыгын байкоого болот.

«Тойлорубузда тик учакты деле колдонгонун көрдүк»

«Жеке өзүм, жаран катары чакан тойлорду колдойм, анткени бул тармакта көптөн бери жүргөндүктөн, көпчүлүк учурларда адамдарга боорум ооруйт. Улуттук идеяны калыптандырууну бир гана мамлекет жасай албайт. Улуттук идеяны эл, тагыраагы, мамлекет жана коом биргеликте түзөт. Ал үчүн биз жөн гана билим алышыбыз керек. Биз чоң тойлорду өткөрдүк, ал тургай, анда тик учактарды колдончубуз, айтор, баарын жасадык. Биздин үйлөнүү тоюбузду дүйнөдө азырынча эч ким жасай элек. Шаан-шөкөттүү тойго эле көңүл бурбай, илимге да көңүл бурсак. Элибиз ушуну түшүнүп, ашыкча иштеп тапкан акчасын балдарынын билимине жумшаса, туура болмок деп ойлойм», — дейт министр.

1 пикир

1 пикир

  1. Баяс

    11.05.2021 17:31

    Эн жакшы мыйзам болуптур,бирок айып пулду(штрафты)кобойтуш керек менимче 100000сомго антбесе толоп коюп деле сое берет бодо мал.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM