Биз менен байланышыңыз

УКМК Финполдун өкүлүнө мыйзамсыз баюу боюнча териштирүү баштады

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 578 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын башчысына мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2014-2020-жылдар аралыгында Финансы полициясынын өкүлү «Т.А.Р» көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Ал мүлк жакын туугандарына катталган.

Учурда аталган жетекчи тарабынан мыйзамсыз баюу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM