Биз менен байланышыңыз

УКМК Өзбекстанга жаратылыш газы сатылып жатканын төгүндөдү

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 618 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда тургундар Өзбекстанга жаратылыш газын мыйзамсыз сатып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кадамжай районунун А. Турусматов аттуу жашоочусу видео кайрылуу жасап, Өзбекстанга жаратылыш газы мыйзамсыз сатылып жатканын айткан.

УКМКнын төрагасы бул маалыматты текшерүүнү тапшырган, жыйынтыгында бул кабар чындыкка дал келбей турганы аныкталган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, «Северный Сох» жер астындагы газ сактоочу жай жана үч газ бөлүштүрүүчү пункт Өзбекстандын «Узбекнефтегаз» Улуттук холдинг компаниясынын балансында турат.

2010-жылга чейин аталган газ сактоочу жайлар Өзбекстандын Бухара облусунан келип жаткан жаратылыш газын сактоо жана бөлүштүрүү максатында колдонулуп келген.

«Учурда «Северный Сохто» газ сакталбайт, анткени клапандар эки тараптан тең жабык», — деп айтылат маалыматта.

Баткендин тургундары жаратылыш газы Өзбекстан тарапка сатылып жатканы тууралуу буга чейин да айтып келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM