Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровго өлкө башчыларынан куттуктоолор келүүдө

Саясат | 11 Янв 2021 | 932 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында жеңүүчү деп таанылган Садыр Жапаровго алыскы жана жакынкы мамлекеттердин президенттери куттуктоо жолдоду. Ошондой эле Жапаров президенттик кызматына расмий киришкенден кийин алгачкы сапарын кайсы өлкөдөн баштаары да маалым болду. Ал өлкө башчылыгына келген соң, Кыргызстандын тышкы саясаттагы аракети, башка өлкөлөр менен мамилеси кандай болот? 

10-январда өткөн президенттик шайлоодо катышкан жарандардын дээрлик 80 %га жакынынын добушун алган Садыр Жапаровго чет өлкөдөн куттуктоолор келе баштады.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгарылган соң алгачкылардан болуп Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани өз куттуктоосун Инстаграм баракчасына жарыялады.

Мындан сырткары Кыргызстан мүчө болгон Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңеши сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар да шайлоонун жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

Президенттик шайлоону тынч жана ийгиликтүү өткөрүп алганы үчүн Түркиянын Тышкы иштер министрлиги расмий сайты жана Твиттер баракчасы аркылуу Кыргызстандын элин куттуктады.

Кийинки куттуктоо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден келди. Ал Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Ошондой эле Токаев Жапаровду расмий визит менен Казакстанга келүүгө чакырды. Садыр Жапаров Токаевдин чакыруусун кабыл алып, алгачкы расмий иш сапарын Астанадан баштаарын белгиледи. Баса, Кыргызстандын буга чейинки президенттери алгачкы иш сапарын Орусиядан баштап келген.

Куттуктоолордун дагы бир маанилүүсү Орусиянын президенти Владимир Путиндин куттуктоосу болду. Анын Садыр Жапаровду Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган телеграммасы өлкө президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Путин өз сөзүндө орус-кыргыз алакасынын ырааттуу өнүгүүсү тууралуу сөз кылып:

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле — стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ», — деди.

Бул арада Садыр Жапаров орусиялык «Коммерсант» басылмасына маек берди.

Журналист Батыш, Орусия, Кытай сыяктуу ири державалардын геосаясий тирешин айтып, Кыргызстанды өз тарабына тартуу аракети тууралуу суроо узаткан.

— Баары өз тарабына тарткысы келет. Бирок биз ага жол бербейбиз. 70 жыл Орусия менен Советтер Союзунун алкагында бир мамлекет болуп жашадык. Союз кулаган 30 жылдан бери стратегиялык өнөктөш болуп келебиз. Ошол бойдон калабыз. Эмнеге? Себеби ал бизге башка мамлекеттерге салыштырмалуу көбүрөөк жардам берет. Ал эми калгандарына келсек, Америка менен, Кытай менен эки тарапка ыңгайлуу, бирдей шарттарда кызматташууга даярбыз, — деп жооп берген Жапаров.

Ал арада Американын «The New York Times» басылмасы «Кыргызстандын башына популист саясатчы келди» деген темада макала жарыялады. Анда Жапаровдун абакка түшкөнү, мурдагы кылмыш иштери тууралуу баяндалат.

Copyright © 2017 Maral FM