Биз менен байланышыңыз

Президенттик башкарууга өтүү үчүн жасала турган кадамдар

Саясат | 11 Янв 2021 | 1173 | 0

Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн кечээ президенттик шайлоо менен бирге референдум өттү. Ага 1 млн 415 миң 659 жаран добуш берип, бул жалпы шайлоочулардын 39,73 пайызын түздү. Референдум өттү деп табылышы үчүн жалпы шайлоочулардын 30 %ы добуш берүүсү шарт болчу. Эми референдумдун жыйынтыгына ылайык, президенттик башкаруу негиз катары кабыл алынат. Ошого жараша элге Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан Конституциянын жаңы долбоору сунушталат. Мына ошол Башмыйзамдын жаңы долбоорунда тең салмак кантип сакталышы керек? Бардык процедураларда мыйзамдуулук сакталышы үчүн кандай кадамдарга баруу шарт? Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Референдумдун биринчи этабында президенттик башкарууну эл чечти, эми конституциялык референдумдун экинчи этабы каралып жатат. Бийликтеги тең салмакты сактоо үчүн жаңы Башмыйзамда парламент, өкмөт жана сот институттары алдын ала өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калуусу керектигин юрист Таттыбүбү Эргешбаева белгиледи.

— Парламент менен президенттин тең салмагын сактоо үчүн эң башында өткөн жылдын 17-ноябрында сунушталган конституциялык долбоордо 61 өзгөртүү көрсөтүлгөн болчу. Чынын айтканда, анда президент толугу менен ыйгарым укуктарын борборлоштуруп алган. Биз аны болбойт деп, өз сунуштарыбызды бергенбиз. Эми парламент, өкмөт, сот институттары алдын ала өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калуусу керек.  Президент деген ошол институттардын ичине кирип кетпеши керек. Көзөмөлдөө механизмдери толугу менен баланс түрүндө берилиши керек. Бир гана ошол учурда биз президенттик өлкөнүн толугу менен демократиялык чөйрөдө жашоо мүмкүнчүлүктөрүн сактап кала алабыз. Эгерде мыйзам чыгаруу демилгеси президент тарабынан аныкталып, ыйгарым укуктар киргизилсе, сот, прокуратура дагы деле президент тарабынан аныкталса, андан кийинки иштери президент тарабынан көзөмөлдөнсө, анда баланс жоголот. Башмыйзамдын жаңы долбоорунда бул нерселер көрсөтүлбөшү керек.

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында жеңүүчү аталган талапкер Садыр Жапаров маалымат жыйында Башмыйзамга киргизиле турган өзгөрүүлөр тууралуу айтып, парламент менен президентке бирдей бийлик берилерин, Жаңы Конституция кабыл алынганга чейин азыркысы иштеп турарын белгиледи.

— Жаңы Башмыйзамга ылайык, бардык бийликтин структурасы реформаланат. Бирок, Жогорку Кеңеш менен президенттин ортосунда тең салмак сакталат. Мындан сырткары жаңы долбоорго «Элдик курултай» системасын да киргизип жатышат, алар да бийликке өзүнүн сунуштарын берип турат. Бул өзгөрүүлөр 2 ай ичинде жасалат. Ал эми парламенттик шайлоо 1-июнга чейин өтөт.

Президент менен парламенттин ортосундагы тең салмактын сакталуусу боюнча азырынча эч нерсе айтууга болбой турганын, себеби Конституциялык кеңешме ишин бүтүрө электигин жана жыйынтыкталган документ кабыл алына электигин саясатчы Исхак Масалиев айтты.

Анын түкшүмөлүндө, Жапаровдун айтканы эки нерседен белги берет: же билбей туруп алдын ала айтып коюп жатат; же бардык ишти өзү башкарып жатат.

— Бизге жарыялаган долбоордо тең салмак жок, анын жыйынтыгын мен да көрө элекмин, эч ким көрө элек. Ошондуктан жыйынтыкталып, толук бүткөн вариант жок. Аны демилгелеп чыгарып, 6 ай ичинде талкуулап, саясий өкүлдөрдүн баарын чогултуп, кеңешме жүргүзүшү керек. Президенттик башкарууну көпчүлүк тандаса, анда ошол багытта реформа жасоо керек. Аны Жогорку Кеңеш өзү кабыл алса болот. Сөзсүз эле референдумга чыгаруунун кажети жок. Башмыйзам боюнча 6 айдын ичинде кабыл алса болот. Бирок бул Жогорку Кеңештин мыйзамдуулугунан күмөн санаса болот. Ошондуктан булар референдумду алдын ала жарыялап койду, демек алты айга мыйзамсыз Жогорку Кеңеш сакталып турат.

Жаңы жазылып жаткан конституциялык долбоордо президент өзүнүн да, аткаруу бийлигинин да ишине жеке жооп берерин, эми Конституцияга жараша тиешелүү мыйзамдар да өзгөрө турганын, эгерде парламенттин ыйгарым укуктарын берип, кайра партиялар менен шайланса, элге иштебеген депутаттар келерин экс-депутат Эсенгул Исаков айтты.

— Башмыйзамдын долбоору жазылып жатканда, президент бир эле мезгилде мамлекеттин да, аткаруу бийлигинин да башчысы деп жазылып турат. Ошону менен бирге эле хандык башкаруу келет деп жатышат. Буга чейин деле де-юре, де-факто хандык башкаруу болуп келген, аны баары эле айтып жатат. Мен да тастыктап кетем. Жаңы Конституцияда ыйгарым укукту президент өзүнө берип жаткандан тышкары, биринчи жолу Башмыйзамда президенттин жоопкерчилиги жазылып жатат.  Анда: «Президент аткаруу бийлигинин ишине жеке өзү жооп берет», — деп жазылып турат. 

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 8 жолу референдум өткөргөн. Азыркы референдум 2016-жылы түзөтүү киргизилген Конституциянын негизинде өткөрүлүп жатат. Референдумдун акыркы жыйынтыгы добуш берүүдөн кийин 20 күн ичинде айтылат.

Ал эми алдын ала добуштардын жыйынтыгы төмөнкүчө:

Президенттик республика үчүн — 1 млн 147 миң 462 добуш (80,97%);

Парламенттик республика үчүн — 155 миң 185 добуш (10,95%);

Эки вариантка тең каршы — 63 миң 114 добуш (4,45%).

Copyright © 2017 Maral FM