Биз менен байланышыңыз

«Жеңген талапкер жарандардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2021 | 1211 | 0

Укуктук жактан алганда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан талапкер жарандардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон жок. Анткени шайлоочулардын 39 %ы гана добуш берди. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Шайлоого катышкан азчылыктын 80 %ы жеңген талапкерге добуш берди. Демек, шайлоого катышпаган, башка көз караштагы жарандардын да пикирин эске алуу керек. Алардын пасссивдүүлүгү — көңүл бура турган маселе. Мурдагы президент Алмазек Атамбаевдин убагында шайлоо мыйзамдарында көпчүлүктүн кызыкчылыгына туура келбеген өзгөрүүлөр болгон. Учурдагы шайлоо мыйзамдарына ылайык, азчылык добуш берсе да, президенттик шайлоо өттү деп эсептелинет», — дейт Кайыпов.

Анын айтымында, «№2 Форманын» жоюлушу да шайлоочулардын пассивдүүлүгүнө таасир этип, айрым шайлоочулардын добуш берүү укугу чектелип калды.  Бул саясатчылардын саясий процессти өздөрүнө ыңгайлаштыруу жолдорунун бири болду. «№2 Форма» маселесин кайра карап чыгуу керек.

Кайыпов ажолукка талапкерлердин айрымдарында ресурс чектелүү болгондуктан, шайлоо тилкелерине байкоочуларын коё албаганын белгиледи.

Ошондой эле парламенттик шайлоодо да талапкерлердин байкоочулары компетенттүү иш алып бара албаганына күбө болгонун айтып, пассивдүүлүк болгонун эске салды. Партиялар да, талапкерлер да бул багытта олуттуу иш алып барбай турганын айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM