Connect with us

Алмаз Тажыбай: Жаңы бийлик демократиялык баалуулуктарды сактап калышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Янв 2021 | 794 | 0

Жаңы шайланган президент өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарга көлөкө түшүрбөгөнгө аракет кылышы керек. Мындай пикирин эксперт Алмаз Тажыбай «Маралга» берген маегинде айтып өттү.

«Садыр Жапаров буга чейин калыптанган сөз эркиндигин, демократияны сактап калууга аракет кылышы керек. Андан сырткары экономикалык маселелерди өзү көзөмөлдөшү зарыл. Ал эми ар бир тармакты өзүм көзөмөлдөйм дегени туура эмес. Тишелүү тармакка таза адамдарды, кадрларды койсо туура болот. Баарын өзү көзөмөлдөөсү кыйын. Андай кадамга барса, Бакиевдин жолуна түшөт», — деп билдирди саясат талдоочу Алмаз Тажыбай.

Ошондой эле ал бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталышы зарыл деп кошумчалады.

Эсенгул Исаков: Оппозиция кийинки шайлоого кадр даярдашы керек

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM