Биз менен байланышыңыз

Эсенгул Исаков: Оппозиция кийинки шайлоого кадр даярдашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Янв 2021 | 576 | 0

Бийликтин жакшы иштөөсү үчүн оппозиция зарыл. Ошол эле учурда алар абийирдүү болууга тийиш. Мындай пикирин экс-депутат Эсенгул Исаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Оппозиция сөзсүз керек. Бирок алар конструктивдүү сын айтып, абийирдүү болушу зарыл. Ошол эле учурда саясий маданияты да жогору болууга тийиш. Азыркы учурдагы оппозиция 1000 адамды топтоп эле бийлик кетсин деп чыгат. Бул — туура эмес түшүнүк», — деди Эсенгул Исаков.

Ошондой эле Исаков Кыргызстандагы оппозиция эми кийинки шайлоо үчүн кадр даярдоо менен алек болушу керектигин да белгилеп өттү.

Мидин уулу: Шайлоодо жеңген адам оппоненттерин саясий куугунтукка албашы керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM