Биз менен байланышыңыз

Мидин уулу: Шайлоодо жеңген адам оппоненттерин саясий куугунтукка албашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Янв 2021 | 611 | 0

Юрист Канат Мидин уулу кыргыз саясатында жаңы саясий маданият калыптанышы керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал «Марал» радиосундагы түз эфирдеги талкуу учурунда айтты.

Ал президенттик шайлоодо жеңген талапкер башка атаандаштарын диалогго чакыруусу керек. «Шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлердин бирин-бири каралоосу — кадыресе көрүнүш. Өнүккөн өлкөлөрдө деле атаандаштар же өзүнө үгүттөйт же атаандашына добуш бербегиле деп үгүттөйт. Шайлоонун маанайы менен бирин-бири катуу сындашат. Бирок шайлоо бүткөндөн кийин саясий температура ылдыйлашы керек. Жеңген талапкер башкаларын чакырып, компромисске келсе жакшы болмок», — деп кошумчалайт Канат Мидин уулу.

Ал президенттик шайлоодо жеңген талапкерге атаандаштарынын арасынан мыктыларына кызмат берүүгө жана аларды саясий куугунтукка албоого чакырды. Ал эми мыйзам бузуп же кылмыш кылгандарына юридикалык баа берилип, чара көрүлүшү керектигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM