Биз менен байланышыңыз

Аймактардан добуш берүүдөгү шектүү аракеттер

Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 470 | 0

Өлкөнүн жети дубанындагы жаш активисттер аймактардагы шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып беришти. Маалым болгондой, мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу бүгүнкү добуш берүүгө келгендердин саны аз. Ошондой эле жер-жерлердеги активисттер процесс учурунда мыйзам бузуу фактылары да болгонун жана элдин башкаруу формасы боюнча маалыматы аз экенин билдиришти.

Жарандык активист Кубаныч Баялиев Ак-Талаа районунун Баетов айылында каттоодо тургандыгына байланыштуу өлкөнүн президентин шайлоо жана референдумга добуш берүү үчүн борбордон атайын айылына барган. Ал Ак-Талаа районунда добуш берүүгө келгендердин саны салыштырмалуу өтө эле аз экенин билдирди.

Ал эми Баткен районунун тургуну Санжар Абдинабиев шайлоо буга чейинки өнөктүктөргө салыштырмалуу тынч өтүп жатканын, бирок, мамлекеттин башкаруу формасын тандоо жөнүндөгү референдум боюнча элге маалымат жетпегенин айтат. Кагаз жүзүндө үгүт иши жүргөнү менен парламенттик же президенттик башкаруу формасынын маанисин эл туура эмес аңдап жатат деген ойдо.

Ал эми талапкер Клара Сооронкулованын Ош шаарындагы ишенимдүү өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева бир катар мыйзамсыз жана күмөндүү фактыларды өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Аны менен байланышканыбызда, №5551 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу, айрым тараптардан тургундарга басым жасоо окуялары катталганын маалымдады.

Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Атыр Абдырахматова билдиргендей, аймактарда шайлоо эрежелерин бузуу фактылары көп катталып жатат. Мисалы, добуш кагазын салуучу электрондук үкөк иштебей, мындан улам көпчүлүк шайлоочулар добуш бербей кетип калган учурлар байкалган. Ошондой эле көз карандысыз байкоочуларды добушканага киргизбей, же алардын ишин чектеп койгон учурлар да болгон. «Жарандардын добуш берүү купуялуулугу сакталбай жатканы —  олуттуу мыйзам бузуу», — дейт ал.

Ал эми аймактардан биздин редакциябызга келип түшкөн тасмалардан добушкананын сыртында үгүтчүлөрдүн шайлоочуларды көзөмөлгө алуусу, ошондой эле үкөктөр иштебей калуусу, добуш берүү купуялуулугу сакталбай жатканы сыяктуу жагдайларды байкоого болот.

Бир күн мурда, көчмө урна менен добуш берүүдө Ош шаарында бир нече мыйзам бузуу катталган. №5295 шайлоо тилкесине көчмө урнага добуш берүү үчүн жалпы 65 адам арыз менен кайрылса, анын 50дөн ашууну бир адамдын колу менен жазылган. Ал эми көчмө урнага добуш салууда жарандын добуш берүү купуялуулугу сакталбай, комиссиянын мүчөсү кайсы бир талапкерге ишарат кылып жатканын байкоого болот. Булар боюнча Адахан Мадумаровдун штабынын өкүлү Артур Бакиров Башкы прокуратура менен ИИМге арыз менен кайрылганын билдирген.

Талапкерлердин дагы бири Улукбек Кочкоров да коркутуу, административдик ресурсту колдонуу көрүнүштөрү бар экенин айткан.

«Шайлоо тилкелеринде эч маселе жок. Кемчиликтин баары анын сыртында. Ошол эле коркутуу, административдик ресурсту колдонуу».

Бүгүн саат 8:00дөн баштап өлкөнүн президентин шайлоо жана референдумга добуш берүү өнөктүгү өтүүдө. Бул шайлоого катышууга 3 млн 563 миң 574 жаран укук алган.

Copyright © 2017 Maral FM