Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Манастын айкелинин жанында музыкалык аппараттар коюлуп жатат. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Бекбосун Маратбек уулу билдирди.
Маалым болгондой, борбордук аянтка чатыр тигилип, анда бир канча жаш жигиттер музыкалык аппараттарды орнотуп жүрөт. Алар шаңдуу музыка да коюп койгон.
Буга чейин да социалдык тармактарда айрым бир талапкерлердин тарапташтары бүгүн кечинде концертке даярданып жатканы кабарланган болчу. Бирок, уюштуруучулар муну эски Жаңы жылды майрамдоо үчүн деп түшүндүргөн. Анткен менен Юлиан календары боюнча Жаңы Жыл 13-январга туура келет.
Кошумчалай кетсек, учурда өлкөдө эпидемиологиялык абалга байланыштуу массалык адам топтоого жана концерттерди уюштурууга тыюу салынган.
Кыргызстанда референдум өттү деп таанылды, бирок чечим кабыл алына элек
ГҮЛСҮНАЙ
10.01.2021 22:50
Жашоодо азаптардан сынбайт Садыр
Бекем тур өз элиңе болгун кадыр
Бүт кыргыз күтүп турат үмүт менен
Чындыктын алоолонгон оттун жандыр!!….
ГҮЛСҮНАЙ
10.01.2021 22:58
Ажону эл тандап, шайлоо тынч өттү
эми таза иштеп берүүсүнө жол берели туугандар.Бут тоспойлу!