Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда референдум өттү деп таанылды, бирок чечим кабыл алына элек

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 842 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну аныктоо үчүн референдум өтүп жатат. Кечки саат 18.00гө карата референдумга добуш бергендердин саны 33 пайызды түздү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, катышкандар 33 пайыздан ашты, демек референдум өттү деп эсептелерин, акыркы жыйынтыктар чыккандан кийин чечим кабыл алынарын айтты.

Саат 18.00гө карата референдумга 1 млн 178 миң 656 жаран добуш берди.

Аймактар боюнча алганда Бишкекте 131 миң 35, Ош шаарында 56 миң 659, Жалал-Абад облусунда 224 миң 10, Ысык-Көл облусунда 120 миң 319, Нарын облусунда 73 миң 478, Ош облусунда 245 миң 559, Талас облусунда 49 миң 412, Чүй облусунда 167 миң 266, Баткен облусунда 101 миң 49 жана чет өлкөлөрдө 9 миң 869 жаран добуш берди.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасы аныкталат. Анда төмөнкү варианттар сунушталган:

-президенттик башкаруу;
-парламенттик башкаруу;
-бардык варианттарга каршы.

Саат 18.00гө карата добуш берүү 33 пайызды түздү

Copyright © 2017 Maral FM