Биз менен байланышыңыз

Саат 18.00гө карата добуш берүү 33 пайызды түздү

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 640 | 0

Кыргызстанда кечки саат 18.00гө карата 1 млн 180 миң  515 адам добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлагандай, бул жалпы шайлоочулардын 33,13 пайызын түздү.

Чет мамлекеттердеги 11 шайлоо участогунда добуш берүү аяктады. Вашингтондогу добуш берүү таңга чейин жүрөт.

Ал эми референдум үчүн 1 млн 180 миң 656 адам добуш берип, бул 33,8 пайызды түздү.

Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 8де ачылып, президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат.

Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында, 48 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө.

Шайлоо жана референдумга катышуу үчүн 3 млн 563 миң 574 жаран укук алган.

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM