Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда саат 12.00гө карата референдумга катышуу 9,28 %ды түздү

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 522 | 0

Кыргызстанда түшкү саат 12.00гө карата референдумга катышкандардын саны 9,28 пайызды түздү. Бул — 330 миң 609 шайлоочу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, референдумга 330 миң 609 адам катышты.

Президенттик шайлоого 9,23 пайыз катышуу болду. Аймактар боюнча алганда Ош шаарында добуш берүүгө катышуу активдүү болууда.

Чет өлкөдөгү 49 миңден ашык шайлоочудан 2422 шайлоочу добуш берүүгө катышты, ал 5,04 пайызды түздү.

Референдумга аймактар боюнча алганда Бишкекте 37 миң 500 шайлоочу катышты, Ош шаарында 21 миң 260, Жалал-Абад облусунда 63 миң 152, Ысык-Көл облусунда 32 миң 58, Нарын облусунда 19 миң 50, Ош облусунда 66 миң 581, Талас облусунда 13 миң 169, Чүй облусунда 46 миң 312, Баткен облусунда 29 миң 32 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 495 жаран добуш берди.

Ал эми президенттик шайлоого аймактар боюнча алганда Бишкекте 37 миң 942, Ош шаарында 21 миң 324, Жалал-Абад облусунда 62 миң 867, Ысык-Көл облусунда 33 миң 740, Нарын облусунда 18 миң 996, Ош облусунда 66 миң 264, Талас облусунда 13 миң 184, Чүй облусунда 45 миң 452, Баткен облусунда 26 миң 788 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 492 жаран добуш берди.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүп жатат. Шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

Эртең мененки саат 8:00дө Кыргызстандын ичинде 2474 шайлоо тилкеси ачылды. Ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылат.

Добуш берүүгө жалпы 3 млн 563 миң 574 шайлоочу катыша алат.

Жаранга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).

Copyright © 2017 Maral FM