Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев президенттик шайлоодо жана референдумда №1063 шайлоо участкасында добуш берди.
Муфтий бул шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, мамлекетке, эл-журтка амандык, биримдик жана ынтымак каалады.
Өлкөдө президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.