Биз менен байланышыңыз

Новиков: Шайлоо админресурс колдонулбай, таза өтүүсү керек

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 633 | 0

Алдыдагы Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда административдик ресурсту колдонууну жоюу үчүн бардык чаралар кабыл алынат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков коронавирус инфекциясынын өлкө аймагында жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын жана шайлоо өткөрүү үчүн республикалык штабдын биргелешкен жыйынында билдирди.

«Белгилей кетсем, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, референдум административдик ресурс пайдаланылбастан, таза өтүүсү керек. Өкмөт административдик ресурсту колдонуунун ар кандай фактысын четке кагуу үчүн бардык күчүн жумшоого тийиш. Укук бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдарга жооп кайтаруучу координациялоочу топтор, тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү текшерүүлөрдү ыкчам жүргүзүүсү зарыл. Алдыдагы шайлоолор – өлкөдөгү келечек процесстердин катализатору. Биз мамлекеттин келечегин, мындан аркы өнүгүүсүн тандоодобуз. Кыргыз Республикасынын жарандарын кайдыгер карабастан, өз шайлоо укугун пайдаланып, аң-сезимдүү тандоо кылууга чакырам»», — деди Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Мындан тышкары шайлоо тилкелеринде иш токтоп калбоосу жана жарандардын ден соолугун коргоо үчүн электр энергиясы, интернет, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышын көзөмөлгө алуу, өлкөдөн тышкары жашаган мекендештер арасында чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин иши жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

БШКнын маалыматына таянсак, административдик ресурс колдонулганы боюнча 14 билдирүү келип түшкөн, учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM