Connect with us

Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 687 | 0

Бүгүн өлкө аймагында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун алдындагы «жымжырттык күн». Ага ылайык, добуш берүүнүн алдындагы 24 сааттын ичинде президенттикке талапкерлер үгүт өнөктүгүн жүргүзө алышпайт.

БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга да болбойт.

«Жымжырттык күнүнүн» шарттары бузулган учурда БШК буга жол берген тараптарды административдик жоопкерчилик боюнча айыпка жыгат.

Ал эми бул күнү көчөлөрдө жана коомдук жайларда мурда илинип калган көрнөк-жарнактар өз ордунда кала берет.

Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.

Айта кетсек, президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасын аныктай турган референдум эртең, 10-январда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM