Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Октябрь окуяларында жабыркагандардын ден соолугу мамлекеттин көзөмөлүндө

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 501 | 0

5-6-октябрындагы окуяларда жабыркаган жарандар мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Өкмөттөн маалымдашкандай, ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда.

Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде түркиялык дарыгерлер 8 жарандын көздөрүн протездөөнү жүргүзөт. Өткөн жылдын декабрь айынын соңунда жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга жардам көрсөтүлгөн.

Жакында 5-6-октябрдагы окуяларда жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлүп, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда.

Өкмөттөн белгилегендей, октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медициналык көмөк көрсөтүү улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM